Акционерлер      

                                      

Тарых

 

BC Card Kyrgyzstan МБПК (Закрытое акционерное общество «Межбанковский Процессинговый Центр») менен Кореянын алдыңкы компаниялары — BC Card жана Smartro ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасында түзүлгөн. Бул компаниялар төлөм чечимдери жаатында таанылган эксперттер. Эл аралык тажрыйбанын жана жергиликтүү рынокту терең түшүнүүнүн айкалышы Кыргызстанда заманбап эквайринг жана төлөм инфраструктурасын киргизүүгө багытталган компанияны түзүүгө мүмкүндүк берди.

Түзүлгөндөн бери биздин максат — өлкөдөгү ар бир бизнес үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жеткиликтүү, ыңгайлуу жана пайдалуу кылуу.

 


 

 

Миссия жана баалуулуктар

 

Биздин миссиябыз — ар бир төлөмдү ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз кылып, Кыргызстандын санарип экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу.
Биз заманбап төлөм технологиялары транзакцияларды гана эмес, ишенимди, өсүштү жана ыңгайлуулукту да камтыйт деп ишенебиз.

 

Биздин баалуулуктар:

 

- Ишенимдүүлүк — биз кардарлар жана өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү мамилелерди кулабыз

- Инновациялар — алдыңкы технологияларды жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды киргизебиз

- Ачыктык — таза жана ачык бизнес жүргүзөбүз

- Кардарга багытталуу — биз менен иштөө ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди кылып жатабыз

- Өнүгүү — кардарларыбыз менен жана рынок менен бирге өсүп жатабыз

 


 

 

Сертификаттар жана лицензиялар

 

BC Card Kyrgyzstan бардык керектүү уруксаттардын негизинде иш алып барат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык төлөм системаларынын талаптарын так сактайт.

 

Бизде бар:

 

- Эквайринг кызматтарын көрсөтүү лицензиялары

- Эл аралык маалымат коопсуздугунун стандарттарына ылайык сертификаттар

- Фискалдык отчеттуулук жана ОФД үчүн мамлекеттик органдарда каттоо

- Mastercard, Visa, Элкарт жана башкалардын системаларында өнөктөш статусу

 


 

BC Card Kyrgyzstan — бул POS-терминалдардын гана жеткирүүчүсү эмес. Бул төлөм технологиялары дүйнөсүндө сиздин өнөктөшүңүз.